​Макгрегор Нурмагомедовдун автобусуна кол салды (видео)

​Макгрегор Нурмагомедовдун автобусуна кол салды (видео)
6-Апр. 2018, Жума, 12:19

UFCнын мурдагы ирландиялык чемпиону Конор Макрегор Нью-Йорк шаарынын борборунда бараткан UFCнын мушкерлеринин автобусуна кол салды. Бул тууралуу«Советский спорт» басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык Конор Макрегор UFCнын мушкерлери Хабиб Нурмагомедов жана Макс Холлоуэ биргеликте өткөргөн басма сөз жыйынынан келатышкан.

Видеодо көрүнгөндөй ирландиялык мушкер темир тосмолорду алып жана аларды автобусту көздөй ыргытып жатат. Аны коопсуздуккүчтөрү токтотуп калышты. Дагы бири стол менен терезени чагып жиберген. Андан америкалык Майкл Кьез жабыркаганы айтылууда. Окуя болгон жерге ыкчам полиция чакырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!