​Жол кырсыгынан 14 хоккейчи мерт болду

​Жол кырсыгынан 14 хоккейчи мерт болду
9-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:02

Канадада жол кырсыгында 14 хоккейчи каза болду. “Humboldt Broncos” хоккей боюнча юниордук командасын ташып бараткан автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышып, 14 хоккейчи мерт кетип, 10 адам ар кандай жарат алышкан. 3 адамдын абалы оор. Бул тууралуу “The Globe and Mail” басылмасы кабарлады.Жол кырсыгы өлкөнүн түндүк административдик борбору саналган Реджайна шаарына жакын жерде болгон. Учурда куткаруучу команда, өрт өчүрүүчүлөр жана полиция иштеп жатат. Чоң трассада кыймыл токтотулган.

“Humboldt Broncos” хоккейкомандасынын спортчулары “Нипавин Хоукс” командасы менен жарым финал алкагындагы беттешүүгө баратышкан. “Humboldt Broncos” хоккейбоюнча юниордук командасында 18ден 21жашка чейинки хоккейчилер болушкан.

Хоккей клубунун президенти Даррен Опп “ Эң жаш курактагы азаматтарыбыздан айрылдык. Катуу кырсык кабыргандан кармап турат. Машыктыруучу штаб жана ата-энелер жакшылыктан гана үмүттөнүп турабыз” деп билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!