​Мэйуэзердин жан сакчысын атып кетишти

​Мэйуэзердин жан сакчысын атып кетишти
10-Апр. 2018, Шейшемби, 12:40

Мурдагы бокс боюнча америкалык чемпион Флойд Мэйуэзердин кетип бараткан кортежге белгисиз адамдар тарабынын ок атылып, мушкердин жан сакчысы оор жараланды. Бут тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык АКШнын Атланта шаарында түнкү саат үчтөр чамасында америкалык чемпион Флойд Мэйуэзердин унаасына ок атышып, жан сакчысы Грегори Ла Роза катуу жараланган. Атышуу учурунда атактуу мушкер унаада бар – жогу такталып жатат. Окуядан кийин алардын кубалашканы айтылууда. Кол салуу Мэйвезер түнкү клубдан мейманканага келатканда болгон.

Ал эми полициянын басма сөз жетекчиси Дональд Ханн бул атайын жасалган кол салуубу же жокпу полиция териштирип жаткандыгын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону Флойд Мэйуэзер рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!