​Спортчунун өлүмү 7 өмүрдү куткарды

​Спортчунун өлүмү 7 өмүрдү куткарды
11-Апр. 2018, Шаршемби, 11:29

Февраль айында рингде нокаут менен жеңишке жетишип, каза болгон британиялык боксчу Скотт Вестгарт органдарын мурда эле донор бергендиги айтылууда. Бул тууралуу спортчунун энеси Ребекка айтып чыкты.

BBC Sport сайтынын маалыматына караганда боксчу мурда эле, өлүмүнөн кийин бардык ички органдарын донорлукка арнап, бир келишимге кол койгон. 31 жаштагы спортчунун энеси уулу менен сыймыктангандыгын жана анын бул керээзин аткаргандыгын билдирди.

Спортчунун ички органдары менен дарыгерлер жети адамдын өмүрүн сактап калышты.

Британдык мушкердин энеси “Уулумдун өлүм төшөгүндө отуруп, баламдын жүрөгү кимге берилээрин ойлодум. Скотт менен бардык кубанычым, жашоом жыгылды бирок, дагы жети адамды сактап калгандыгы кайрат берди” деди

Эсиңиздерге сала кетсек Британдык мушкер Скотт Вестгарт орточо салмактагы атаандашы Дек Спелман менен ринге чыгып, нокдаун менен жеңишке жетишкен. Бирок, рингден кийин ден-соолугу начарлап, ооруканадаказа болуп калган. Дарыгерлер мээ канамасы болгондугун аныкташкан.

Акыркы жети жылдык профессионалдык бокс карьерасында Вестгарт 10 жолу беттешүүгө катышып, жетисинде жеңишке жетишкен. Экисинде жеңилүү, биринде теңме-тең чыгышкан. Британдык мушкер Скотт Вестгарт Англиянын чемпиондугун жеңип алууга күрөшүп жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!