​Хабиб Нурмагомедов канча гонорар алды?

​Хабиб Нурмагомедов канча гонорар алды?
11-Апр. 2018, Шаршемби, 13:44

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасында өткөн жумада чемпион болду. Учурда мушкер чемпиондуктан канча киреше алгандыгын sport.ru сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык мушкер Хабиб Нурмагомедов чемпиондук үчүн 530 миң доллар алды. Мындан тышкары UFC түздөн-түз 30 миң доллар төлөп берет. Калганы дөмөөрчүлүк келишимдер боюна төлөнөөрү аныкталган. Ал эми америкалык мушкер Эл Яквинта 280 миңдоллар киреше тапты.

Мурда мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов уулунун UFC менен болгон келишиминин суммасы көтөрүлгөндүгүн билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы америкалык Эла Яквинта менен 8-апрелде ринге чыгып, чемпион болду. Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды. 29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!