​Мэйуэзер менен Макгрегор жаңы эрежеде мушташат

​Мэйуэзер менен Макгрегор жаңы эрежеде мушташат
12-Апр. 2018, Бейшемби, 14:17

Мурдагы бокс боюнча америкалык чемпион Флойд Мэйуэзер жана ирландиялык мушкер Конор Макрегор UFCнын жаңы эрежеси менен ринге чыгышат. Бут тууралуу UFCнын президенти Дэйн Уайт айтып чыккандыгын РИА Новости кабарлады. Маалыматка ылайык беттешүүнүн эрежелери учурда талкууланып жатат.

Ал эми тагыраак кайсы жерлери өзгөрүп жаткандыгын алдын-ала спорт журалисти Омар Аль Раиси Twitter баракчасына бөлүшкөн.

“-Флойд менен Конор темир капаста беттешет. Болгону 5 раундга чыгышат. Айрыкча бут менен тебүү, тай соккулары жана тизе, чыкканак менен уруу колдонулбайт”,-деп жазды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону Флойд Мэйуэзер рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!