​Эмнеге Криштиану Роналду татуировка жасатпайт?

​Эмнеге Криштиану Роналду татуировка жасатпайт?
13-Апр. 2018, Жума, 11:31

«Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун эмнеге татуировка жасатпаганы белгилүү болду. Бул тууралуу haberler.com сайты жазып чыкты. Учурда тату жасатуу футболчулар арасында абдан жайылган. Футбол жылдыздары арасындагы Златан Ибрагимович, Раджа Наингголан, Даниэл Алвеске салыштырмалуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду эч кандай татуировка жасатпайт.

Басылма футболчунун териси татуировка жасатууга болбойт деген айың кептерге чекит коюп, Криштиану Роналду туруктуу донор кардары болгондугун жазып чыкты.

Футболчу адегенде мурдагы тайпадагы досу Карлос Мартиндин уулуна кан берүүдөн баштаган. Ошондон бери “Кызыл Ай ” коомунун активдүү мүчөсү жана жылына бир канча жолу кан берип турат. Ал эми медицинада туруктуу кан берген кишилерге татуировка жасатууга болбойт. Мына ошондуктан атактуу футболчу дененсине эч кандай татуировка жасатпай келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!