​Ибрагимович ФИФАны коркутту

​Ибрагимович ФИФАны коркутту
14-Апр. 2018, Ишемби, 10:54

"Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович ФИФАнын тыюу салуусуна каарданып жооп берди. Бул тууралуу "lenta.ru" сайты кабарлады. Маалыматка ылайык ФИФА Златан Ибрагимовичке Швеция курама командасы менен Орусияда өтө турган футбол чемпионатына катышуусуна тыюу салынган. Мындай чечим кабыл алууга 36 жаштагы швециялык футболчунун бир букмердик компания менен келишими себепчи болгон.

"Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович ФИФАнын чечими бюнча катуу жооп берди.

Ал "ФИФА эч кандай тоскоолдук кыла албайт. Мен кайда ойногум келсе, ошол жерге барам. Бул курама командама да тийешелүү. Мен ойногум келдиби, демек ошондой гана болот. Бул ФИФАнын эмес, менин ишим”,-деп жооп берген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-мартта Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубу менен коштошуп, «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөн. Атактуу футболчу «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, Англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!