​Тони Фергюсон тизесинен операция болду

​Тони Фергюсон тизесинен операция болду
14-Апр. 2018, Ишемби, 11:51

Жеңил салмактыгы америкалык мушкер Тони Фергюсонго тизесинен операция жасалды. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык мушкерорусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен беттешке чыгаар алдында машыгууда жараланган.

Ал “Менин ордума келүүм, бир аз убакыт алат. Эми ыкчам сакайууга аракеттенем. Мени колдогон жана урматтагандарга баардыгына ыраазычылык билдирем. Сырттан карап турганды жаман көрөм. Чемпиондук кур үчүн жакында кайрадан ринге чыгам” деди

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Тони Фергюсон менен беттешүүсү төртүнчү ирет болбой калган болчу.

Эсиңиздерге сала кетсек, россиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!