​Дүйнө чемпионатына 17 миң ыктыярчы тандалды

​Дүйнө чемпионатына 17 миң ыктыярчы тандалды
17-Апр. 2018, Шейшемби, 02:44

Орусияда өтө турган футбол чемпионатына 17 миң ыктыярчы тандалып алынды. Бул тууралуу “Россия-2018” уюштуруу комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык алар 112 өлкөдөн тандалып алынды. Бул жолку ыктыярчылар компаниясы футбол дүйнө чемпионатын тарыхындагы эң көп ыктыярчылар талапкер болууга арыз беришкен, дээрлик 176 870 киши тандалып алынган.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатында ыктыярчылар уюштуруучуларга 20 багытта жардам беришет. Алар спорттук иш-чараны даярдоо жана өткөрүүдө, транспорт, ЖМК ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү, тил кызматтары көрүүчүлөрдү тейлөө жумуштарын ишке ашырышат. Учурда ыктыярчыларды бардык багыттарды даярдоо курстары башталды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!