​“Алтын бутса” сыйлыгы: Месси же Салах?

​“Алтын бутса” сыйлыгы: Месси же Салах?
19-Апр. 2018, Бейшемби, 11:33

Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына эки талапкер татыктуу болду. «Спорт-Экспресс» басылмасынын маалыматына караганда ага “Барселона" чабуулчусу Лионель Месси жана “Ливерпуль” футбол клубунун жарым чабуулчусу Мохамед Салах көрсөтүлүүдө. Европанын спорттук басылмалары ассоциациясынын (ESM) "Алтын бутса" сыйлыгынын алдын-ала сынагынын жыйынтыктарына караганда “Ливерпуль” футбол клубунун жарым чабуулчусу Мохамед Салах 60 упай топтоп, Англия чемпионатында 30 гол киргизген. Экинчи орунда“Барселона" чабуулчусу Лионель Месси 58 упай топтоп, 29 гол киргизген. Мындан тышкары алдыңкы 5-орунга Чиро Иммобиле («Лацио», 27 гол жана 54 упай), Роберт Левандовски («Бавария», 27 гол жана 54 упай) жана Эдинсон Кавани (ПСЖ», 25 гол жана 50 упай) менен кирген.

Эң алдыңкы бомбардирлерди тандоонун рейтинги төмөндөгүчө тандалат: Чемпионатта киргизген голдору лигадагы коэффициент менен көбөйтүлөт.(Ал УЕФАдагы өлкөсүнүн рейтинги менен байланыштуу)

Эсиңиздерге сала кетсек мурда “Алтын бутса” сыйлыгы уругвайлык чабуулчу Луис Суареске берилген. Ал эми былтыр Лионель Месси мындай сыйлыкка төртүнчү ирет татыктуу болгон. Мурда ал 2010, 2012 жана 2013-жылдары “Алтын бутса” сыйлыгын алган. Мындай төрт жолу сыйлыкты "Реалдын" Криштиану Роналду да татыктуу болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!