​УЕФА кубогун уурдап кетишти

​УЕФА кубогун уурдап кетишти
21-Апр. 2018, Ишемби, 12:56

Мексикада көрсөтүүгө алынып келинген УЭФАнын кубогу уурдалды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык кубок Гуанахуато шаарында автоунаа ичинен уурдалган.

Бирок, ушул сааттарга алынган маалыматтарга караганда Гуанахуато штатынын ыкчам кылмыш иликтөө башкармалыгы аркылуу УЭФА кубогу табылгандыгы тууралуу маалыматтар келе баштады. Гуанахуато штатынын прокуратурасы “ Криминалдык иликтөө агенствосунун кызматкерлери Европа Лигасынын кубогун кайрып беришти. Кубокту Леон шаарындагы иш-чарага алып баратканда автоунаадан уурдап кетишкен. Учурда иликтөөлөр дагы такталууда” деп билдирген.

Европа Лигасынын кубогу 15 кг күмүш менен жасалып, Европанын эң салмактуу кубогу болуп саналат. Ал Миландын белгилүү чеберканасында жасалган. Кубоктун негизи мрамордун түзүлүп, мелдешке катышкан бардык өлкөлөрдүн желектери чагылдырылыган.

Эсиңиздерге сала кетсек Европа Лигасынын финалдык беттешүүлөрү 16-майда француздардын Лион шаарында өткөрүлөт. Ал эми 26-апрелде жарым финалдык беттешүүлөр болот: "Арсенал" (Англия) - "Атлетико" (Испания) и "Зальцбург" (Австрия) - "Марсель" (Франция).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!