Чемпиондор лигасынын Кубогу Киевде!

Чемпиондор лигасынын Кубогу Киевде!
24-Апр. 2018, Шейшемби, 00:46

УЕФА Чемпиондор лигасынын Кубогу Европанын футбол клубдарынын финалы өткөрүлө турган Киев шаарына алынып келди. Кубокту шаардын борбору аркылуу Чемпиондор лигасынын элчилери жана Украина курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Шевченко, футболчу Ия Андрущак көтөрүп киришти. Кубоктор расмий түрдө Киев шаарынын мэри Виталию Кличкого тапшырылды.

Кубоктун бирөө эң мыкты эркектер командасына, бирөө болсо аялдардын алдыңкы командасына тапшырылат.

Эсиңиздерге сала кетсек Чемпиондор лигасынын алгачкы жарым финалдары эртеңден башталат. "Бавария" өз футбол талаасында мадриддик "Реалды" кабыл алат. Ал эми "Рома" командасы "Ливерпуль" менен беттешет.

Финалдык беттешүүлөр 26-майда “Олимпийский” стадионунда болот. Ал эми аялдардын мыкты футболдук командасы 24-майда “Динамо” стадионунда аныкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!