​Эң көп киреше тапкан футболчулар

​Эң көп киреше тапкан футболчулар
24-Апр. 2018, Шейшемби, 11:13

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси 2017/18 сезонунда дүйнөнүн эң көп киреше тапкан футболчусу болду. Бул тууралуу “France Football” гезити жазып чыкты. Маалыматка ылайык атактуу футболчу 2017/18 сезонунда 126 миллион евро киреше тапкан (Бул суммага айлыгы, бонус жана жарнамадан түшкөн кирешелери кирген). Экинчи орунда «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду (94 миллион евро). Ал эми үчүнчү орунда бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар (81,5 миллион евро) турат.

Ал эми бул рейтингдеги машыктыруучулар арасында алдыда "Манчестер Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Моуринью (26 миллион евро) турат. Экинчи орунда Кытай курама командасынын машыктыруучусу Марчелло Липпи (23 миллион евро). Үчүнчү орунда Диего Симеоне жана "Атлетико" командасынын жетекчиси (22 миллион евро). Ал эми Чемпиондор лигасынын учурдагы чемпиону “Реал Мадрид” командасынын жетекчиси Зинедин Зидан (21 миллион евро) төртүнчу орунда турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!