​Хабиб Нурмагомедов кайрадан UFC рингине чыгат

​Хабиб Нурмагомедов кайрадан UFC рингине чыгат
24-Апр. 2018, Шейшемби, 13:29

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов кайрадан UFC рингине чыгат. Бул тууралуу атактуу мушкер инстаграм баракчасына бөлүштү. Ага ылайык Хабиб Нурмагомедов ноябрь же декабрь айында кайрадан ринге чыгат.

UFC жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов “UFCнын жеңил салмактагы беттешүүсү дайыма атаандаштыгы күчтүү болуп келген. Азыр абал уламдан-улам чыңалып баратат. Конор,Тони бар анан Порье, Ли, Альварез баардыгы өз-өзүнчө мыкты. Булардын баардыгы менен мыкты мушташ болот. Мурда мен ким менен ринге чык десе, чыга берчүүмүн. Азыр мага тандоо мүмкүнчүлүгү берилип отурат. Мен ноябрь же декабрда кайрадан ринге чыгам” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы америкалык Эла Яквинта менен 8-апрелде ринге чыгып, чемпион болду. Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды. 29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!