​Златан Ибрагимович дүйнө чемпионатына катышпайт

​Златан Ибрагимович дүйнө чемпионатына катышпайт
27-Апр. 2018, Жума, 14:36

Швеция курама командасынын футболчусу жана "Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович Орусия боло турган дүйнө футбол чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу Швециянын футбол федерациясынын расмий сайты билдирген.

Маалыматка ылайык швед курама командасынын менеджери Ларс Рихт “Мен Златан менен шейшемби күнү сүйлөштүм. Ал курама команда менен чемпионантка катыша тургандыгын айткан да жок”,- деди.

Швеция курама командасынын чабуулчусу Златан Ибрагимович 15-майда жарыялана турган шведдердин дүйнө чемпионатына катыша турган тизмеге кирген жок. Швед курама командасы чемпионаттын тайпалар этабында Германия, Мексика жана Түштүк Корея менен ойнойт.

Бир жума мурда ФИФА Златан Ибрагимовичке Швеция курама командасы менен Орусияда өтө турган футбол чемпионатына катышуусуна тыюу салган. Мындай чечим кабыл алууга 36 жаштагы швециялык футболчунун бир букмердик компания менен келишими себепчи болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, 22-мартта Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубу менен коштошуп, «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөн. Атактуу футболчу «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, Англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!