Диего Марадона кызматтан кетти

Диего Марадона кызматтан кетти
28-Апр. 2018, Ишемби, 15:19

Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона машыктыруучу кызматынан кетти. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык Аргентинанын курама командасынын мурдагы футболчусу Диего Марадона Бириккен Араб Эмиратттарынын "Аль-Фуджейры" футбол клубунун машыктыруучу кызматын өткөрүп берди. Легендарлуу 57 жашындагы футболчу “Фуджейры" клубу, жогорку футбол дивизионуна кире албай калгандыгынан мына ушундай чечим кабыл алган.

Диего Марадона “Фуджейры" футбол клубунда былтыркы жылдан май айынан бери иштеп келаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!