Владимир Путин: Орусия футбол чемпионатына даяр

Владимир Путин: Орусия футбол чемпионатына даяр
4-Май 2018, Жума, 01:27

Орусия футбол боюнча дүйнө чемпионатына толугу менен даяр. Бул тууралуу Сочи шаарында Орусия президенти Владимир Путин билдирди. Сочи шаарында 2018-жылкы дүйнө чемпионатынын уюштуруу комитетинин байкоочу кеңешинин жыйынына Орусия президенти Владимир Путин жана Эл аралык футбол федерациясынын президенти Джанни Инфантино катышууда. Аларга күйөрман паспорту тапшырылды.

Жыйынды Владимир Путин “ Быйыл өлкөбүз үй ээси болуп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатына даярдыктар дээрлик аяктап калды. Орусия мелдештерге даяр. Иштердин көбү аяктады эми бардык механизмдерди киргизүү керек” деди

Путин айрыкча футбол чемпионатында кабыл алууда аймактардын башчыларынын жүгү эки эсеге жогорулагандыгын белгиледи. Мындан тышкары аймактагы аткаминерлерди мелдешти уюштурууга жеке өздөрү катышуусун тапшырды.

Ал эми меймандардын жайлуулугу, спортчулардын жана меймандарга ыңгайлуу логистика,унаа жолдордун абалы, маданий иш-чаралары мунун баардыгы аймактарга жүктөлгөндүгүн айтты.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!