​Неймар футбол талаасына кайтып келет

​Неймар футбол талаасына кайтып келет
4-Май 2018, Жума, 12:12

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар кайрадан футбол талаасына чыгат. Бул тууралуу “ПСЖ” футбол клубунун машыктыруучусу Унаи Эмери басма сөз жыйынында билдирди.

Атактуу футболчу февраль айында бутунан операция болгондон бери Бразилияда калыбына келүү үчүн дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу. Унаи Эмеринин айтымына караганда Неймар ушул жумада Парижге учуп келет жана Франция чемпионатынан акыркы беттешүүлөрүнө катышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Неймар 25-февралда француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылып, бутунун оң кызыл ашыгы чоюлуп, Бразилияда операция жасаткан. Мурда футболчунун калыбына келүүсүнө дагы бир нече айлар алаары айтылган эле.

Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!