​Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

​Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды
5-Май 2018, Ишемби, 01:51

Данияда башталган хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алгачкы беттешүүсүндө Орусия курама командасы Францияны 7:0 эсебинде жеңди. Орустардын Илья Воробьев жетектеген командасынан Кирилл Капризов (эки жолу) Павел Бучневич, Евгений Дадонов, Александр Барабанов, Максим Шалуновжана Артем Анисимовдор айырмаланды.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Копенгаген шаарындагы “Роял-Арена” стадионунда башталды. Дүйнөлүк чемпионатта 16 өлкө, 2 группага 8ден бөлүнүп, күч сынашмакчы.

А Группасы:

Орусия, Швеция, Чехия, Швейцария, Беларусь, Словакия, Франция, Австрия

В Группасы:

Канада, Финляндия, АКШ, Германия, Норвегия, Латвия, Дания, Түштүк Корея

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 20-майга чейин уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!