Салах эгиздей окшошуна жолукту (видео)

Салах эгиздей окшошуна жолукту (видео)
5-Май 2018, Ишемби, 12:21

Египет курама командасынын футболчусу жана англиялыктардын «Ливерпуль» футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салахтын окшошу чыкты. Эгиздей экөөнү эч ким айырмалай албай жатышат. Жакында египеттик Ахмет Бахаа менен Мохаммед Салах жолукканды күйөрмандар мындай окшоштукка таң калгандарын жашырышкан жок. Ахмет Бахаа Эль-Гиза шаарындагы Каир университетин аяктаган. Учурда инженер болуп иштейт. Ал дагы футбол ойногонду жакшы көрөт. Анын атактуу футболчуга окшоштугу абдан чоң атактуулук алып келген. Ал 2016-жылдан бери байма-бай тв каналдарына чыгып, көчөлөрдө аны Салах катары кабыл алышат.

Салахжакында “Рома” командасы менен болгон беттешүүдө окшошу Бахаа менен жолукту. Анда ал өзүн күзгүдөн көргөндөй болгондугун айткан. Болгону Салах 25 жашында ал эми Бахаа 30 жашына келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!