Нурмагомедов бир миллион доллар киреше тапты

Нурмагомедов бир миллион доллар киреше тапты
7-Май 2018, Дүйшөмбү, 14:17

Орусиялык мушкер, UFC жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов акыркы үч жал ичинде бир миллион доллар киреше тапты. Бул тууралуу атактуу спортчунун атасы Абдулманап Нурмагомедов ТАСС агентигине билдирди.

Абдулманап Нурмагомедов “ Хабиб акыркы үч жыл аралыгында миллион доллар киреше тапты. Аны өзүнүн эмгеги, маңдай тери менен алды. Ал салыктарды учурунда төлөп турат. Баардыгы жайында” деп айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 223 турниринде жеңил салмактагылар арасындагы америкалык Эла Яквинта менен 8-апрелде рингге чыгып, чемпион болду. Хабиб Орусиянын UFС боюнча алгачкы чемпиондук титулуна татыды. 29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасында 26 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Атаандашы Яквинта 13 беттеш өткөргөн, төрт жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!