​Шарапова кайрадан жеңишке жетишти

​Шарапова кайрадан жеңишке жетишти
8-Май 2018, Шейшемби, 01:08

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапова Мадрид шаарында Аялдардын теннис ассоциациянын мелдешинде (WTA) биринчи айланпасында жеңишке жетишти. Мелдеште Шарапова румыниялык спортчу Михаэлу Бузэрнескуну 6:4, 6:1 эсебинде жеңип чыкты. Таймаш 1 саат 23 мүнөткө созулган. Ал эми экинчи айланпада румыниялык Ирина Бегу менен мелдешке чыгат. Мелдештин сыйлык фонду 7 миллион долларды түзөт. Орусиялык теннисчи 2018-жылдын январынан бери алгачкы ийгиликке жетишип отурат.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!