​“Реал” – “Ливерпуль” беттешүүсүнүн калысы белгилүү болду

​“Реал” – “Ливерпуль” беттешүүсүнүн калысы белгилүү болду
8-Май 2018, Шейшемби, 11:58

Чемпиондор Лигасынын 2017/18 сезонун Кубогуна татыктуу боло турган команданы аныктоочу, финалдык беттешүүсүнүн калысы белгилүү болду. Бүйүрдү кызыткан финалдык беттешүүгө “Реал” – “Ливерпуль” футбол командалары суурулуп чыккан. Ал эмибүгүн Европанын футбол асссоциациялары бирлиги (УЕФА) өзүнүн сайтында – бул, көптөн күттүргөн матчта башкы калыстык жоопкерчилиги сербиялык калысМилорад Мажичке жүктөлгөндүгүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы калыска анын жердештери Милован Ристич жанаДалибор Джурджевич жардамчы болушат. Ал эми төртүнчү калыс француз Клемен Турпен, калыстын кошумча жардамчылары Ненад ДжокичжанаДанило Груич кызмат кылат.

“Реал” – “Ливерпуль” футбол командаларынын финалдык беттешүүсү 26-майда Киевдеги "Олимпийский" стадионунда өтөт. Соңку эки жылдан бери "Реал Мадрид" чемпиондукту бербей келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!