​Бразилия: футболчуларга чемпионатта миллион доллар

​Бразилия: футболчуларга чемпионатта миллион доллар
30-Май 2018, Шаршемби, 01:21

Бразилия курама командасынын футболчулары Орусияда өтө турган дүйнөлүк футбол чемпионатта жеңишке жетишсе, миллион доллардан алышат. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык бул сумма 2002-жылы чемпионатта алгандарынын беш эсе көптүк кылат.

Мындан тышкары Бразилия футбол конфедерациясы дүйнөлүк биринчиликти алышса,ушундай эле сумманы машыктыруучулар штатына да берээрин убада кылышкан.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!