​Салахты түрткөн футболчуга 1 миллиард жаза

​Салахты түрткөн футболчуга 1 миллиард жаза
30-Май 2018, Шаршемби, 11:34

Египет курама командасынын футболчусу жана англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах Чемпиондор лигасынан жарат алгандыгына жаңы жагдайлар кошулду. Египеддик адвокат Бассем Вахба “Реалдын” коргоочусун аны атайын түрткөндүгү үчүн миллиард евро талап кылып, доо арыз жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык жактоочу “Реалдын” коргоочусу Салахты атайын түрткөндүгү жана андан алган миллиард еврону кайрымдуулукка жумшаарын билдирген.

Жактоочу Бассем Вахба “Ромос Салахты атайын жаралады жана жаза алышы керек. Мен ФИФАга доо арыз менен кайрылдым. Мен андан физикалык жана психологиялык зыян келтиргендиги үчүн бир миллиард евро компенсация талап кылам “ деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек 25 жаштагы атактуу футболчу Чемпиондор лигасынын финалында “Реалга” каршы беттешүүнүн 27 мүнөттүндө каршылашы Серхио Рамос менен топ талашып, жаракат алды. Египеттик чабуулчу далысын кокустатып алгандыктан оюн талаасынан көз жаштары менен чыгып кеткен.

Дарыгерлер футболчунун далы муундары чойулуп кеткендиги айтышкан.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2017/18 сезонунун жыйынтыгы “"Реал Мадрид" 3:1 эсебинде "Ливерпуль" командасы жеңип алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!