Кышкы олимпиаданын бюджети канча?

Кышкы олимпиаданын бюджети канча?
8-Фев. 2018, Бейшемби, 13:52

Эртең Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндары башталат. Мындай ири спорт салтанаты алдында басма сөз жыйынын өткөргөн Эл аралык олимпиада комитетинин(МОК) президенти Томас Бах олимпиада оюндарына бардык обьектилер даяр экендигин жана жалпы Олимпиаданын бюджети 2,4 миллиард доллар болгондугун билдирди.

Томас Бах “- Уюштуруу комитеттинин отчетторуна караганда мелдештерге бардык обьектилер даяр. Алар жалтырап, жапжаңы жана кышкы оюндар үчүн кынтыксыз кызматтар жасалат. Быйылкы кышкы олимпиада оюндарына 92 өлкөнүн спортчулары катышат” деди

“Мындан тышкары билеттердин 78 пайызы сатылып кеткен. Ал эми волонтерлор сапаттуу тейлөө кызматтары менен даяр турушат. Корея кубаныч менен тосуп алууда” деп кошумчалады спорт аткаминээри Томас Бах

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!