​Олимпиада -2018: Олимпиада отун ким жакты?

​Олимпиада -2018: Олимпиада отун ким жакты?
10-Фев. 2018, Ишемби, 11:09

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында ачылган 2018-жылдагы кышкы Олимпиада оту жагылды. Олимпиада оту тынчтыкты жана биримдикти билдирет. Ал Олимпиада оюндарынын негизги салтанаттуу элементтеринин бири болуп саналат. Олимпиада отун жагуу бактысы эл аралык мелдештерде ири жеңиштерди багындырган Түштүк Кореялык көркөм муз тебүү боюнча спортчу Ким Ён А жакты.

Кореялык атактуу спортчунун куржунунда Ванкувер -2010 олимпиадасынын алтын медалы, дүйнө чемпиону (2009, 2013) жана Сочи-2014 олимпиадасында орусиялык Аделина Сотникова жеңилип, экинчи орунду камсыз кылган. Атактуу спортчу Ким Ён А 11 жолу дүйнөлүк рекорд койгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!