​Олимпиада-2018: Медведева дүйнөлүк рекорд койду

​Олимпиада-2018: Медведева дүйнөлүк рекорд койду
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 02:38

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндары уланууда. Кечээ күнү Орусиянын жалгыздап көркөм муз тебүү боюнча жылдызы Евгения Медведева дүйнөлүк рекорд коюп, биринчиликти алды.

18 жаштагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону Евгения Медведева 81, 06 упай алды. Былтыркы жылы болсо ал 80, 85 упай менен дүйнө чемпиону болгон. Экинчи орунда болсо италиялык Каролина Костнер, үчүнчү орунду канадалык Кэйтлин Осмонд камсыз кылды.

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында уланып жаткан кышкы Олимпиадада Орусия бейтарап абалда катышууда. Спортчулар желексиз, гимн жана улуттук формасыз чыгышты. Бейтарап абалга ылайык спортчуларга улуттук белгилерди колдонууга жана соцтармактарда улутун көрсөтүүгө тыюу салынган. Кышкы Олимпиадагы катыша турган Орусиянын 169 спортчусунун кийим же сумкаларындагы «Russia» деген жазуулары «OAR» («Olympic Athlete from Russia») деп кыскартылып жазылган. Мындан тышкары формаларындагы өлкөнүн герби же символикалары толугу менен алынып, ордуна олимпиадалык шакекчелер менен алмаштырган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!