​Олимпиада-2018: чемпион айымдар айтышты

​Олимпиада-2018: чемпион айымдар айтышты
13-Фев. 2018, Шейшемби, 02:51

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндары уланууда. Кечээ күнү Орусиянын жалгыздап көркөм муз тебүү боюнча жылдызы Алина Загитова биринчиликти алгандыгына карабай америкалык спортчу Эшли Вагнер катуу сындады. Ал “Бул программа эмес” деди. Сочи олимпиадасында көркөм муз тебүү боюнча коло медалды багындырган Эшли Вагнер орусиялык 15 жаштагы Европа чемпиону Алина Загитова тууралуу буларды айтты:

“- Мен анын мелдешке болгон мамилесин сыйлайм. Бирок бул жолу түшүнгөн жокмун. Бул программа эмес. Адегенде эле ал убактысын бошко коротуп койду. Андан кийин экинчи бөлүмдө жөн эле секириктерди жасады.Бул эч кандай программа эмес” деп өзүнүн микроблогуна жазган.

Ал эми орус басылмалары Алина Загитованын “ Мен тууралуу жазылгандарды окубайм” деген сөзүн кайталып жазышты.

Орусия жана Европанын көркөм муз тебүү боюнча чемпиону Алина Загитова Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада айымдардын командалык мелдеши алкагындагы программасы 158,08 упай топтоп, биринчиликти камсыз кылды.Экинчи орунга америкалык Мираи Нагасу -137,53 упай, үчүнчүлүктү - Габриэль Дэйлмен 137,14 упай менен жеңишке жетишти.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага дүйнөнүн 2 900 спортчусу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!