Олимпиада-2018: Норовирус оорусу каптады

Олимпиада-2018: Норовирус оорусу каптады
13-Фев. 2018, Шейшемби, 11:15

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан XXIII кышкы Олимпиада аймактарын Норовирус оорусу каптады. Жекшемби күнү жүздөгөн олимпиада кызматкерлери карантинге алынган. Учурда ооругандар арасында кызматкерлер, коопсуздук кызматкерлери жана чет элдик жарандар ооруканада дарыланууда. 1200 жакын адам мейманканаларын бошотуп,норовирустан алдын алуу иштери жүрүп жатат. Жумушчулардын ордун 900 жакын аскер кызматкерлери менен алмаштырылды.

Норовирус оорусунун түрү бар. Ал өтө жугуштуу болуп, ич карын тумоосуна жол ачат. Адамдын ичи ооруп,жүрөк айланып, кусуп турат. Эти ысып,баш ооруп,денени шалдыратат. Сыркоологон адам 12-48 саат аралыгында катуу ооруйт. Бирок бул оорунун дароо даарылоо жолдору жок. Адам өзүнөн өзү 1-3 күн аралыгында айыгып кетет. Олимпиаданын уюштуруу комитети учурда оору жуктургандардын саны 177 киши болгондугун билдирди.

Олимпиада оюндарынын директору Кристоф Дуби “Бардык катышуучуларга алдын - ала дезинфекциялоо жасалды. Уюштуруучулар ооруларды толугу менен көзөмөлгө алышып,өтө катуу иш-чаралар көрүлүүдө. Айрыкча тамак-аш, ичимдиктер да текшерилди” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага дүйнөнүн 2 900 спортчусу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!