Спортчунун кийими чечилип кетти (видео)

Спортчунун кийими чечилип кетти (видео)
13-Фев. 2018, Шейшемби, 12:52

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан XXIII кышкы Олимпиада кызыгына кирди. Кечээ көркөм муз тебүү боюнча кыска программада кореялык спортчу Ю Ра Миндин кийими чечилип кетти. Залдын көзү алайып, сүрөтчүлөр тынымсыз тартканына карабай 22 жашындагы кореялык спортчу программасын аягына чейин аткарууга жетишти. Бийчи кыз төмөндөп бараткан кофтасын байкатпай кармап, өзүн жоготпой ыңгайсыз абалдан кутулду. Ал эми өнөктөшү Александр Гамелин дагы кыздын кийимин улам колу менен жаап, айла таппай жаткандыгын көрүүчүлөр кол чаап,колдоп турушту.

Жыйынтыгында бийчи жуптар 51,97 упай алып, тогузунчу орунду багындырды. Баардыгы аяктагандан кийин Ю Ра Мин өзүнүн «Инстаграм» баракчасында көрүүчүлөрдү ушундай ыңгайсыз абалда колдогондору үчүн ыраазычылык билдирген жана эмки программаларында формасына абдан көңүл бураарына убада берген. Жада калса суперклей менен дагы жабыштырып коем деп тамашалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!