​Олимпиада-2018: Хоккейчилер мушташты.

​Олимпиада-2018: Хоккейчилер мушташты.
16-Фев. 2018, Жума, 10:47

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан XXIII кышкы Олимпиадада Канада жана АКШ аялдардын хоккей беттешүүсүндө оюнчулар арасында мушташ чыкты. Мушташ дээрлик оюн аяктап калганда башталгандыктан оюнчуларды ажыраштыруу жеңил болгон. Акыркы бир мүнөт калганда Канада курама командасынын дарбазачысынын жанында оюнчу аялдар жакалаша кеткен. Америкалык хоккейчилер дарбазага эбелекти (шайба) киргизе албай калып, дарбазачыны жакалап киришкен. Спортчуларды калыстар араң ажыратышты.

Ал эми хоккей беттешүүсү 2:1 эсебинде канадалыктардын жеңиши менен аяктады. Жыйынтыгында Канада курама командасы А тобунда биринчиликке жетишти. Америкалыктар экинчи орунда ээледи.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага дүйнөнүн 2 900 спортчусу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!