​Күйөрман кыздар күлдүрдү (видео)

​Күйөрман кыздар күлдүрдү (видео)
16-Фев. 2018, Жума, 14:49

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан XXIII кышкы Олимпиаданын жүрүшүндө Түндүк Кореянын күйөрмандары бир жагынан тажатып бир жагынан суктандырып жатышат. Sport.ru сайтынын маалыматына караганда зал экиге бөлүнүүдө. Көпчүлүгү атайын даярданып келген Түндүк Кореянын чирлидер-кыздардын өзгөчө ыкма менен сүрөп тургандарын колдосо, көпчүлүгү тажатып жаткандыгын жазышууда. Чирлидер-кыздар мурдатан даярдалган музыкалык-хореографиялык номерлерди аткарып, элдин көңүлүн бурушууда.

Бирок кандай болгон учурда да чирлидер-кыздарга эч ким көңүл кош караган жери жок. Алардын ар бир коштоосу социалдык тармакта тездик менен жайылып, окшош кийинген кыздар ырларды чогуу аткарып, аны кол чабуу, бий менен коштоп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!