​Неймар “Реалга” которулат

​Неймар “Реалга” которулат
20-Фев. 2018, Шейшемби, 11:09

Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар “Реал Мадрид” клубуна которулат. Бул тууралуу Mundo Deportivo басылмасы кабарлады. Атактуу футболчунун которуу 2019-жылдын жай айларында ишке ашат. Маалыматка ылайык “Реалдын” президенти Флорентино Перес футболчуну өз командасына алууга бир жыл күтөөрүн билдирген. Падышкалык клуб Неймарда мурдатан бери алууга кам көрүп келет. Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!