Гимн ордуна “Катюша” жаңырууда (видео)

Гимн ордуна “Катюша” жаңырууда (видео)
20-Фев. 2018, Шейшемби, 12:47

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан XXIII кышкы Олимпиадада Орусиянын күйөрмандары өз спортчуларын «Катюша» ыры менен колдоп жатышат. Ал эми гимнди ырдоого Эл аралык олимпиада комитети тыюу салган.

Орусиянын күйөрмандары бул ырды көркөм муз бетүү жарышында ырдап турушту. Спорттун бул түрү боюнча орусиялыктар дагы эле күчтүү. Алар ар кандай баскыларга карабай командалык зачетто күмүш медалга татыктуу болушту. Күйөрмандар башка орус спортчуларды активдүү колдоп жатышат. Трибунадан «РОССИЯ! РОССИЯ!» деген кыйкырыктарды угууга болот. Мындан тышкары көпчүлүк күйөрмандар орусиянын желегинин түрдөгү топу же кийимдерди кийип алышкан. Алардын баарында “Россия менин жүрөгүмдө” деген жазуулар бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!