​Футболчуларды зордуктаган машыктыруучу камалды

​Футболчуларды зордуктаган машыктыруучу камалды
21-Фев. 2018, Шаршемби, 11:43

Жаш футболчуларды зордуктап жүргөн машыктыруучу Барри Беннелл 31 жылга эркинен ажырады. Бул тууралуу «Советский спорт» басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, англиялык футбол клубдарында машыктыруучу болуп иштеген Барри Беннелл 8-15 жаштагы балдарды зордуктоо беренеси менен 20-февралда Ливерпул соту тарабынан 31 жылга соттолду. «Манчестер Сити» клубунун балдар командасынын мурдагы машыктыруучусу Барри Беннелл 50 жакын балдарга зордуктоо аракеттерин жасап, 12 жаш футболчуну узак убакыт зомбулукка алып жүргөн.

Сот жараянында 64 жаштагы машыктыруучуга каршы футболчулар Энди Вудворд, Стив Уолтерс, Пол Стюарт жан Дэвид Уайт көрсөтмө беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!