Кыргызстандык спортчу бүгүн мелдешке чыгат

Кыргызстандык спортчу бүгүн мелдешке чыгат
22-Фев. 2018, Бейшемби, 03:16

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан Кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев бүгүн слалом боюнча мелдешке катышат. Олимпиаданын ырааттамасы боюнча Евгений Тимофеевдин Бишкек убактысы боюнча саат 7:15те жарышы башталат.

Учурда кышкы олимпиадага Кыргызстандын атынан эки спортчу катышууда. Алар Тариэль Жаркымбаев 13-февралда "кросс-кантри" кыска аралыктагы лыжа жарышында 4 мүнөт 05,99 секундда маарага жетип, чейрек финалга кирбей калган. Ал эми экинчи спортчу Евгений Тимофеев адегенде 18-февралда гигант слалом боюнча жарышка катышып, 63 кезекте маарага жеткен(2мүнөт 41,03 секунд). Лыжа жарышына жалпысынан 102 спортчу ат салышкан. Бүгүн болсо Евгений Тимофеев слалом боюнча мелдешке катышат.

Слалом - лыжа менен тоодон ылдый катуу ылдамдыкта жарышуу(450-500 м), араларына соңуна чейин кыска дарбазалар коюлган. Спортчу туурасы 3,5 - 4 метр болгон дарбазаларды кулатпай аралып өтүүсү керек. Лыжачынын ылдамдыгы саатына 40 км болуусу шарт.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага дүйнөнүн 2 900 спортчусу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!