​АКШ олимпиададан баш тартты

​АКШ олимпиададан баш тартты
22-Фев. 2018, Бейшемби, 14:26

АКШнын Олимпиада комитети (USOC) 2026-жылы боло турган кышкы Олимпиаданы өткөрүүдөн баш тартты. Американын олимпиада өткөрүүгө талапкерлик арызы жазылбагандыгын Пхёнчхан шаарында басма сөз жыйынында комитеттин төрагасы Ларри Пробст билдирди. Анын айтымында АКШ 2028-жылы Лос-Анджелесте жайкы олимпиаданы өткөрүү боюнча тендерге катышат.

Ларри Пробст “АКШ үчүн удаасы менен Олимпиада өткөрүү финансы жагынан кыйын болуп калат”,- деди

2026-жылы боло турган кышкы Олимпиаданы өткөрүү боюнча компанияга шведдердин Стокгольм, жапондордун Саппоро, канадалыктардын Калгари шаарлары талапкер катары көргөзүлүүдө. Арыздар үстүбүздөгү жылдын март айына чейин кабыл алынат. Ал эми Эл аралык олимпиада комитети (МОК) жайында олимпиада өтчү жерди жарыялайт.

Эсиңиздерге сала кетсек АКШда кышкы Олимпиада 4 жолу өткөн: 1932 жана 1980 –жылдары Плэсид көлүндө, 1960-жылы Скво өрөөнүндө, 2002-жылы Солт-Лейк-Ситиде өткөрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!