​Орусия медалынан ажырады

​Орусия медалынан ажырады
23-Фев. 2018, Жума, 02:42

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынында допинг чыры кайрадан жанданды. Бул ирет Эл аралык спорттук арбитраж соту (CAS) орусиялык кёрлинг спортчу Александр Крушельницкий менен Анастасия Брызгалованын кышкы олимпиада оюндарында жеңип алган коло медалдарын жокко чыгарды. Эми алардын жеңиши Норвегияга өтөт. "Р-Спорт" сайтынын маалыматына караганда Орусия жападан жалгыз коло медалынан ажырап калды.

20 - февралда кезектеги допинг-тест жыйынтыгында Александр Крушельницкийден тыюу салынган мельдония издери табылган. Кийин кайрадан жасалган допинг анализдеринде бул тастыкталган болчу.Орусия кёрлинг спортчусу муну атаандаштарынын бири атайын кошуп коюшу мүмкүн экендигин айтып келет. Александр Крушельницкий мелдештерден убактылуу четтетилген. Спортчу 22-февралда боло турган жыйынга катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу тараптардын макулдугу менен угуулар токтотулган. Буга ылайык алардын жеңген коло медалы норвегиялык спортчулар Кристин Моэн Скаслиен жана Магнус Недреготтенге берилет. Бул Норвегиянын 34-олимпиадалык медалы болуп саналат. Ал эми орусия 13-медалынан айрылды.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага дүйнөнүн 2 900 спортчусу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!