​Майк Тайсон жана Костя Цзю мастер-класс өткөрүштү

​Майк Тайсон жана Костя Цзю мастер-класс өткөрүштү
26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 14:45

Дүйнөнүн мурдагы бокс боюнча абсолюттук чемпиону, америкалык профессионал - мушкер Майк Тайсон жана профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Костантин Цзю Орусиянын Челябинск шаарында мастер-класс өткөрүштү. "Россия 24" каналынын маалыматына караганда атактуу мушкерлерден сабак алууга жүздөгөн жаш спортчулар келишкен. Бир рингте эки легенданын орун алышы эстен кеткис ирмемдер менен коштолгон. Спорт сарайында орун табылбай оор салмактагы Тайсондун дагы араң ринге жеткендиги айтылууда.

Негизги сабактарды Костя Цзю и жана “Боксинг Промошен"спорт клубунун директору Алексей Титов өткөрүшкөн. Цзю жаш спортчуларга ар күндү кандай машыгуулар менен баштайт жана кечкисин кандай көнүгүүлөрдү жасоо керектигин көргөзүп берген. Анын айтымында кечки көнүгүүлөрдү жасабай даам албастыгын жана кантип формада жүрүүнун сырларын бөлүшкөн.

Тайсон болсо бир канча кол тамгаларды берип, жаңы баштап жаткан спортчуларга кеңештирин айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Майк Тайсон бардык салмак боюнча дүйнөнүн эң күчтүү мушкери болуп саналат. Америкалык профессионал-мушкер, профессионалдар арасында оор салмактык категорияда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. “Ринг” журналынын версиясы боюнча “Жылдын мушкери” наамына татыган. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. 6 беттеште жеңилип калган. Анын катышуусундагы 2 беттеш жокко чыгарылган.

“Темир Майк" спорт карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!