​Олимпиада чемпиондоруна эмне беришет?

​Олимпиада чемпиондоруна эмне беришет?
27-Фев. 2018, Шейшемби, 16:47

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн XXIII кышкы Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен орусиялык чемпиондорго Германиядан жасалган акыркы моделдеги BMW жеңил автоунаалары берилет. «Говорит Москва» радиостанциясынын маалыматына караганда кышкы Олимпиада оюндарында медал алган ар бир спортчуга жеңил автоунаа жана төрт миллион рублга чейинки акчалай сыйлык берилет. Учурда автоунаалардын эшигинде «Орусия олимпиада спортчуларын колдоо Фондунун” белгилери коюлган 140 жакын автоунаа сатып алынган.

Орусиянын бейтарап абалда катышкан “Орусиянын олимпиадалык атлеттери” 2 алтын,6 күмүш жана 9 коло медал алышкан. Медалдык жалпы тизмеде 13 орунга татыктуу болушту.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин болуп өттү. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышты. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулду. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!