​Хоккейчилер калысты сабап салышты (видео)

​Хоккейчилер калысты сабап салышты (видео)
28-Фев. 2018, Шаршемби, 12:25

Хоккейчилер оюн учурунда калысты сабап салышты. Бул тууралуу «Татар-информ» агентчилиги кабарлоодо. Маалыматка ылайык «Белые медведи» жана «Аммоний» хоккей мелдешинде спортчулар калысты сабап салышкан. Муну тартып алган күйөрмандөр YouTube видеохостинге чыгарып жиберген. Анда «Белые медведи» командасынын спортчусу калысты уруп кетет. Артынан команданын башка мүчөлөрү ур-токмокко алышат. Бул жанжалдан кийин оюн дароо токтотулуп, калыстардын чечими менен жеңиш «Аммоний» командасына берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!