​Путин чемпиондорго сыйлык тапшырды

​Путин чемпиондорго сыйлык тапшырды
1-Март 2018, Бейшемби, 13:10

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарында Орусияга алгачкы алтын медалды алып берген Алина Загитова ар бир олуттуу мелдеш алдында мечитке келчү. Бул тууралуу Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов билдиргендигин "РИА Новости" агентчилиги жазып чыкты.Муфтийдин айтымында Алина Загитова тырышчаактыгы, чеберчилиги жана дуба аркылуу жеңишке жетишти. Москва муфтийи Алина ар бир олуттуу мелдеш алдында чоң энеси Надила Фаатова менен мечитке келип, мага куран окуттуруп, дуба кылып турушкандыгын айткан.

XXIII кышкы Олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыска программада 15 жаштагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону орусиялык Алина Загитова 239,57 упай менен биринчиликти камсыз кылды. Ал эми күмүш медал кайрадан эле орусиялык Евгения Медведева 238,26 упай менен жеңишке жетишти. Коло медалга 231,02 упай топтоп, канадалык Кейтлин Осмонд татыктуу болгон.

Кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин 46 олимпиада чемпиондоруна мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын башында көркөм муз тебүү боюнча чемпиондор Алина Загитова жана Евгения Медведева, лыжачылар Александр Большунов жана Денис Спицов ошондой эле алтын медалга татыктуу болушкан хоккейчилерге Достук ордени менен сыйланышты. Калган спортчулар болсо 1-2 даражадагы медалдар тапшырылды.

Эсиңиздерге сала кетсек Орусиянын бейтарап абалда катышкан “Орусиянын олимпиадалык атлеттери” 2 алтын,6 күмүш жана 9 коло медал алышты. Медалдык жалпы тизмеде 13 орунга татыктуу болушту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!