​Неймарга операция жасатууга уруксат жок

​Неймарга операция жасатууга уруксат жок
2-Март 2018, Жума, 11:27

Франциянын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун жетекчилиги Неймарга операция жасатуугауруксат берген жок. Бул тууралуу “Eurosport” сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык “ПСЖ” жетекчилиги келишимдеги беренеге таянып, атактуу футболчунун бутунун кызыл ашыгына операция жасалышына каршы чыгышууда. Неймар француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылган. Дарыгерлерфутболчунун оң кызыл ашыгы чоюлуп, сөөгүндө жаранка болгондугунан операция жасатууга сунуш кылышкан.

Бразилиялык футболчу менен “ПСЖ” клубунун келишиминде хирургиялык чечимдерде акыркы жыйынтыкты клубдун жетекчилиги айтат. Ага ылайык “ПСЖ”жетекчилиги операциясы жок эле айыгып кетүүгө болоорун белгилеп жатышат. Кээ бир оюнчулар ушундай эле жараты менен футбол ойногон учурлары болгон. Неймар болсо ден соолугун тобокелге салбастан 2018-жылкы дүйнө футбол чемпиондугуна мыктылап даярдоону көздөп жатат. Эгерде Неймар операция болсо май айынын акырына чейин футбол талаасына чыга албай калат. Буга ылайык Неймар 6-марттаЧемпионат лигасынын 1/8 финалында “Реал” менен дагы беттешүүгө катышпайт.

Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!