​Чемпионатта күйөрмандар визасыз киришет

​Чемпионатта күйөрмандар визасыз киришет
2-Март 2018, Жума, 15:26

Орусия Мамлекеттик Думасы үчүнчү окууда футбол боюнча дүйнө чемпионатына келүүчү күйөрмандарга визасыз өлкөгө кирүү мыйзамын кабыл алды. Бул тууралуу "Р-Спорт" басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык бул долбоор 14-июлдан 15-июнга чейин мөөнөткө гана тийешелүү. Күйөрмандар виза алууга документ топтобойт анын ордуна “Көрүүчүнүн жеке картасы” (Fan ID) алышат. Аны алуу үчүн дүйнө чемпионатындагы футбол беттешүүсүнө алган билеттерин көргөзүү гана жетиштүү болот.

Ошондой эле мыйзам аккредитация алган Жалпыга маалымдоо (ЖМК) өкүлдөрүнө бардык транспорт каражаттарында акысыз жүрүүсү дагы каралган. “Көрүүчүнүн жеке картасы” (Fan ID) менен жүргөн адамдардын баардыгы бир шаардан экинчи шаарга коомдук транспортто акысыз жүрүшөт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!