​Суучул 99 жашында дүйнөлүк рекорд койду

​Суучул 99 жашында дүйнөлүк рекорд койду
3-Март 2018, Ишемби, 11:58

Австралиялык суучул Джордж Коронес “Шериктештери оюндары”алкагында 50 метрдик эркин сүзүү жарышында дүйнөлүк рекорд койду.

Коронес 100 жана 104 жаш курагандагысуучулардар арасында жарышкан.Анткени, 99 жашындагы спортчу апрель айында 100 жашка толот. Ал 50 метрдик аралыкты 56,12 секундда сүзүп өтүп дүйнөлүк рекорд койгон. Ал эми мындан мурдагы дүйнөлүк рекорддо канадалык суучул Джаринг Тиммерман 2009-жылы 1 мүнөт 16,92 секундда маарага келген.

“Шериктештери оюндары”сууда сүзүү жарыштарыАнглияда төрт жылда бир өткөрүлөт. Бул катышуучулдын саны боюнча жайкы Олимпиададн кем калбайт. Джордж өмүр боюу спорт менен машыккан адам эмес. Сууга сүзүү менен Джордж 80 жашында баштаган. Ошондо эле спортчу чемпион болсом дегендей күчтүү дымагы болгон. Демек, кыялдарды ишке ашырууга жаш-курактын эч кандай тоскоолдугу болбойт.

Джордж 17 жылдык үзгүлтүксүз машыгуусуна натыйжасын көрүп жатат. Ал жеңишке жетишкендигине чексиз кубанычта экендигин айтууда.

Джордж Коронес “ –Бул менин эң үлгүлүү сууда сүзүүм болду.Чабак уруп баратаып жан тарабымды да чапчым алчуудай толкунданып, катуу күрөштүм” деп билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!