​Роналду кичүүсү интернетти жарды

​Роналду кичүүсү интернетти жарды
3-Март 2018, Ишемби, 14:15

«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун уулу ата жолунда.Атактуу футболчунун уулу атасысыяктуу булчуңдарын көргөзгөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялады. Кичүү Роналду машыгуу залындагы сүрөттөрүн истиграмм баракчасына бөлүшүп, алдына да “Ата! Мен сага окшогум келет. Сиз кандай дейсиз?” деп жазган. Бул билдирүү социалдык тармактарда катуу талкууга алында. Бир суткада бир канча миңдеген адамдар көргөн.

«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун учурда үч баласы бар. Криштиану Роналду- кичүүсү 17-июнда 2010-жылы төрөлгөн. Азыр 7 жашка чыкты. Былтыркы жылдын күзүнөн баштап, футбол менен машыга баштады. Атасы убактысы менен баласынын видеороликтерин көргөзүп турат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!