​Роналдунун досу түрмөдөн чыкты

​Роналдунун досу түрмөдөн чыкты
7-Март 2018, Шаршемби, 14:55

Голландиялык кикбоксер Бадр Хари абактан чыгып, профессионалдык рингге кайтып келүүдө. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

Хари “Мен үчүн эч кандай чек жок” деп жазган. Анын бул жолку атаандашы 43 жаштагы голландиялык Хесди Гергес болмокчу. Беттешүү Роттердам шаарында өтүп, Хари 2016-жылдан бери алгачкы ирет кайрадан рингге чыгат.

Голландиялык кикбоксер Бадр Хари «Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун досу катары да абдан таанымал. Роналду ушул жайында эле экөөнүн сүрөттүн социалдык тармактарга кайрадан жарыялаган.

Эсиңиздерге сала кетсек 2017-жылы Бадр Хари тоноочулук менен эки жылга эркинен ажыраган. Спортчу бир жарым жыл абакта кармалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!