​Атактуу футболчунун сөөгү жерге берилди

​Атактуу футболчунун сөөгү жерге берилди
8-Март 2018, Бейшемби, 11:06

Футбол дүйнөсү көз жашта. Италия курама командасынын коргоочусу жана «Фиорентина» футбол клубунун капитаны Давиде Асторинин сөөгү бүгүн жерге берилди.31 жашындагы атактуу футболчуИталия чемпионатынын 27 туру алкагында «Удинезе» командасы менен беттешүүгө Удине шаарына келип, мейманканада кечинде уктаган боюнча ойгонгон эмес. Дарыгерлер футболчунун өлүм себебин брадиаритмия экендигин айтышкан жана дагы бир канча изилдөөлөр боло тургандыгын билдиришти. Бул оору жүрөк кагышынын убак-убактысы менен табигый түрдө төмөндөп кетишибирок футболчуда буга чейин эч кандайжүрөк оорусу билинбегени көпчүлүктү ойго салган.

«Фиорентина» футбол клубунун ышкыбоздору эки күндүр стадионго гүл ташып, көз жашы тына элек.

«Фиорентина» жана «Удинезе» футбол беттешүүсү токтотулган жанаалдыдагы оюндар жылдырылган.

Эсиңиздерге сала кетсек «Фиорентина» футбол клубунун капитаны Давиде Астори 14 беттешүүгө катышып,эки гол киргизген. Мурдагы сезондо сезондо 27 оюнга катышып, бир гол менен айырмаланган. Ал эми 2012-жылы москвалык “Спартак”командасына өтүү мүмкүнчүлүгү жаралып, бирок жыйынтыгында келишим ишке ашпай калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!